Ош базарынын айланасы иретке келтириле баштады

Жазылуу
Базарда мыйзамсыз соода кылгандар аныкталып, эт жана дары-дармек саткандар катуу көзөмөлдөнө баштады.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Ош базарынын айланасы иретке келтириле баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Шопоков көчөсүндөгү автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЦУМдагы унаа токтотуучу жайына акы төлөнө баштады
Маалыматка ылайык, муниципалдык бийлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөндөргө карата текшерүүлөрүн улантууда. Анын негизинде базардын айланасында сатылып жаткан дары-дармектер текшерилип, "Береке" соода борборуна эскертүү берилген. Анын негизинде аталган соода борборуна жеке тараптарга ижарага орун берүү боюнча келишимин жокко чыгаруу сунушталган.

Ошондой эле базардын ичиндеги орундарды иретке келтирүү максатында салыкчылар 1322 соода ордун текшеришкен. Андан сырткары, эт продукцияларын сатуу боюнча тиешелүү органдардын катышуусу менен рейддер өтүүдө.

Чүй, Кулиев, Бейшеналиева, Киев жана Токтогул көчөлөрүндө мыйзамсыз соода кылгындарга административдик чара колдонулуп жатат. Мындан тышкары, Токтогул, Павлов, Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде иштеген таксисттер текшерилип, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына тиешелүү жол белгилерин коюу тапшырмасы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0