Бишкекте 16 күн катары менен акысыз ооз ачыруу уюштурулат

© REUTERS / Adnan AbidiОоз ачуу. Архив
Ооз ачуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооз ачууга жардамга муктаж жарандар чакырылат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 2-ирет "Рамазан чатыры" аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чаранын максаты рамазандын урматына колунда жок, муктаж адамдарга ооз ачуу уюштуруу болуп эсептелет.

"200 кишиге ылайыкталган акысыз ооз ачууга багытталган тамак-аш 9-июндан 24-июнга чейин күн сайын уюштурулат. Конокторду таттуу даамдардан тышкары, рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасмалар, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт", — деп жазылат маалыматта.

Рамазан чатырынын ачылыш салтанаты 9-июнь күнү саат 20:00дө Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин аймагында болот.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0