Россия айдоочулук күбөлүк боюнча атайын келишим түзүүнү сунуштап жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВ России начали выдавать водительские удостоверения нового образца
В России начали выдавать водительские удостоверения нового образца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чет элдик айдоочулук күбөлүккө чектөө коюу ЕАЭБдин принциптерине карама-каршы келерин айтышты.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россия өлкө аймагындагы айдоочулук күбөлүк боюнча өзүнчө келишим түзүүнү сунуштап жатканын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 1-июндан тарта чет элдик айдоочулук күбөлүк менен Россиянын аймагында автоунаа айдоого тыюу салынган. Ушундан улам КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү россиялык кесиптештери менен кеңешме өткөргөн.

Москва шаарындагы жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда айдоочулук күбөлүк алуу машакаты, жумушсуз калган мигранттар
Кыргыз тарап жогорудагы чектөөлөр ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө карата колдонулбашы керектигин айтып, бул кадам биримдиктин принциптерине каршы келерин жүйө келтиришти.

Россия тарап бул маселени ЕАЭБдин алкагында өзүнчө келишим түзүү аркылуу кароо керектигин белгилешкен.

Ошол эле учурда Россия тарап мыйзамды сыйлаган чет элдик айдоочулардын айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып алууга 2013-жылдан 2015-жылга чейин жана 2015-жылдан 2017-жылга чейин убакыт берилгенин билдиришти.

Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен Россияда автоунаа айдоого чектөө киргизүү/тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2013-жылы кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0