ӨКМ: абайлагыла, бүгүн катуу шамал күтүлүүдө!

© AFP / EMMANUEL DUNANDСильный ветер в Нью-Йорке
Сильный ветер в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, коопсуздукту сактоо максатында жергиликтүү бийликтерге кабарланды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар түшүүсү, ал эми кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарында 20…25 градус, тоолуу райондордо 7…12 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо нөлдөн…5 градуска чейин жогорулайт", — деп айтылды синоптиктердин кабарында.

Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: беш айда жүргөн көчкү тогуз жылга тете болду
ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантып, ал эми жайыттарда мал-жанды кармоону кыйындатаарын билдирди.

ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, коопсуздукту сактоо максатында жергиликтүү бийликтерге кабарланган.

Андан сырткары, уюлдук операторлор аркылуу элге эскертүү иретинде СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0