Муфтият ажы башчылар менен келишим түздү

© Фото / пресс-служба ДУМКМуфтий КР Максатбек ажы Токтомушев
Муфтий КР Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы тандалган ажы башчыларга милдеттери түшүндүрүлүп, тапшырмалар берилди.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ысык-Көл, Талас, Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы ажы башчылар менен жолугушту. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Азирети муфтий зыяратчылар үчүн ажы башчылар жооп берерин айтып, алар үчүн семинарларды уюштуруу зарылдыгына токтолду.

"Зыяратчылардын саламаттыгы, ажылык ибадатынын аткарылышы, коопсуздугуна ажы башчылар жооп берет. Аларга жогорку деңгээлде кызмат кылуубуз зарыл. Быйылкы жылы ажылыктын шарттары, аларды тейлөө кызматтары жакшырууда", — деди муфтий.

Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Замир каары Ракиев коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурууга үндөдү.

Муну менен катар ажы башчылар менен муфтият ортосундагы келишимдерге кол коюлуп, алардын милдеттери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0