Баткен: элеттиктер электр энергиясын алууда Тажикстандан көз каранды болбой калат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тендердик жумуштар жүрүп жатат. Эми курулуш башталса, ал эки жылдын ичинде пайдаланууга берилет.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Баткен районундагы "Исхак Раззаков" көмөкчү чордону курулса бүгүнкү күнү электр энергиясын Тажикстандан алып келген Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрү менен Лейлек районунун Маргун, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрү көз карандылыктан кутулат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районунда жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жатак мектеби курула баштады - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына жатак мектеби курула баштады
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жаңыдан курулушу баштала турган "Исхак Раззаков" көмөкчү чордонунун курулушу боюнча жыйын өткөрүп, ага Кыргыз улуттук электр тармактарынын энергетиктери жана Баткен, Лейлек райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары катышкан.

Халмурзаев өз сөзүндө бардык жетекчилерди курулуштун жүрүшүнө активдүү катышууга чакырды. Мындан тышкары Рават айылынан жер бөлүп берүү маселеси менен документтештирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Жалпы сметалык баасы 15 миллион долларды түзгөн, кубаттуулугу 110 кВт болгон бул көмөкчү чордондон Арка массивине чейин 51 чакырым узундуктагы аба чубалгылары тартылып, Арка насостук станциясы да электр энергиясы менен камсыздалат.

Учурда тендердик жумуштар жүрүп жатат. Эми курулуш башталса, ал эки жылдын ичинде пайдаланууга берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0