Садыр Жапаровдун иши 12-июнда карала турган болду

© Sputnik / Расул УсеналиевКамактагы экс-депутат Садыр Жапаров
Камактагы экс-депутат Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттардын өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочулар да каршы болгон жок.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун иши 12-июнда карала турган болду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунда ишке төрагалык кылган судья Эмил Айыпов кабыл алды.

Сот ишинин башталышында Жапаровдун жактоочулары иш менен таанышпаганын айтып, кошумча убакыт сурашты.

Алардын мындай суранычына мамлекеттик айыптоочулар дагы каршы болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0