ӨКМ Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековНовостройки в микрорайоне Джал в Бишкеке
Новостройки в микрорайоне Джал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-18 метрге жеткени белгилүү болду.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдага үч саат аралыгында Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында катуу шамал боло турганы жөнүндө маалымат таратты.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши божомолдонуп жатат.

Ал эми ушу тапта ылдамдыгы секундасына 15-18 метрге жеткен шамал болууда.

Шаар мэриясы кырсыктардын алдын алуу максатында нөшөрлөгөн жаан менен коштолгон шамал учурунда бактар кулашы мүмкүн экенин эскертип, калаа тургундарын жана меймандарын этият болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0