Бишкек мэриясы Ак-Өргөдөгү 13 жер тилкесин өз карамагына кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп кеткенин муниципалиттен маалымдашты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен мэрия Ак-Өргө конушунан мыйзамсыз бөлүнүп кеткен 13 жер тилкесин (0,78 гектар) өз карамагына кайтарып алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Ленин райондук администрациясынын 2005-жылдын 3-марты менен 12-сентябрындагы токтомунун негизинде Ак-Өргө конушунда Ахунбаев көчөсүн бойлото жайгашкан жер тилкелери (бул жерге жол курулмак) жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүнүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Ленин райондук администрациясынын башчысынын протоколун жарым-жартылай жокко чыгаруу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0