08:06 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
149 0 0

Санэпидкөзөмөлдүн маалыматы боюнча жыл башынан бери ичеги-карын инфекциялары, бруцеллез, эхинококкоз дарты күчөй баштаган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 2017-жылдын башталышынан бери бишкектиктер ичеги-карын инфекцияларына көбүрөөк дуушар боло баштаганын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамелкеттик борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Главный врач столичного Центра государственного санитарно-эпидемиологического надзора Артур Буюклянов на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамелкеттик борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында

Анын айтымында, беш ай аралыгында ичеги-карын инфекциялары, бруцеллез, эхинококкоз, сасык тумоо дарттарына кабылгандардын саны өсүп кеткен.

"Калаада адамдардын инфекцияга кабылган 900 учуру катталса, анын 867си — балдар. Жеке гигиенанын жөнөкөй эрежелерин сактоону унутпаш керек. Тамак ичээр алдында колду жууп, жеп жаткан азыктарга дыкат көңүл буруу керек", — деди Буюклянов.

Эпидемиологдор ботулизмден жабыр тарткан алты учурду катташкан. Жапа чеккен сегиз кишинин баары колдо консерваланган азыктарды жегени аныкталды. Бруцеллез менен кайрылгандардын саны эки эсеге жогорулаган.

Мындан тышкары, тамактан 20 киши жабыркап, ооруканага кайрылган. Алардын 11и тамактануучу жайдан ууланса, үч киши базар менен дүкөндөрдөн сатып алган тамак-аш менен азыктангандан кийин ооруп калган. Ал эми дагы бир киши жайма базардан сатып алган дарбыздан ууланган.

Мында 2017-жылы борбор калаада дизентерия, бактериалдык менингит, вирустук гепатит, кургак учук менен жабыркагандардын саны азайган.

Тема боюнча

Ноокендеги окуучулар эмнеден ууланганы билине элек
Өзбекстанда 200гө жакын киши балмуздакка ууланды
Белгилер:
ботулизм, уулануу, Артур Буюклянов

ЭҢ МААНИЛҮҮ