Отунбаеванын фондусу жайында ата-энелерди окутат

© Фото / международный фонд "Инициатива Розы Отунбаевой""Жайлоо өнүгүү борборундагы" ата-энелер. Архив
Жайлоо өнүгүү борборундагы ата-энелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы "Жайлоо өнүгүү борборлору" ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугунун артышына басым жасайт.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда "Жайлоо өнүгүү борборлору" уникалдуу долбоору өзүнүн ишин улантып, өлкө аймагында жалпысынан мындай 100 борбордун ачылышы пландалууда. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

Аталган борборлор июнь айынан тарта ачылып, ишин жүргүзө баштамакчы.

"Бул жылы "Жайлоо өнүгүү борборлору" ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугунун артышына басым жасайт. Ата-энелер үчүн мастер-класстар өтүлүп, балдарына мыкты тарбия берип жаткан тажырыйбалуу ата-энелер менен жолугушуулар өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз таңмай, төө басты, орто топ... Аң-сезимди өстүрчү улуттук оюндардын эрежеси
Андан тышкары, элдик кол өнөрчүлүк, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экологиялык сабактар, дене тарбия, сөз өстүрүү, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу жана ар кыл интерактивдүү оюндар боюнча мастер-класстар болору да кабарланды.

Аталган долбоор буга чейин "Жайлоо бала бакчалары" деген ат менен иштеп келген.

Долбоорду аталган фонду Билим берүү бөлүмдөрү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, чыгармачыл мекемелер, инсандар жана жайыт комитеттери менен кызматташып, ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0