Парламент Бишкектеги бактардын кыйылышы тууралуу жагдайды карашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоналиев көчөсүндөгү бак-дарактардын кыйуу
Токтоналиев көчөсүндөгү бак-дарактардын кыйуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бак-дарактардын кыйылышына нааразы болгондордун айрымын милиция кармап кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы парламенттин сессиясына Бишкектеги бактардын кыйлышы тууралуу маселени алып чыгат. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Зеленстрой муниципалдык ишканасы Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында андагы дарактарды кыйып жатат. - Sputnik Кыргызстан
Кыйылган дарактар, өлгөн балапандар. Токтоналиев көчөсүнөн алынган кадрлар
Жыйынга Бишкектин мэри Албек Ибраимов чакырылмакчы. Катчылыктын маалыматына ылайык,  шаар башчысы Токтоналиев көчөсүндөгү бак-дарактардын кыйылышы боюнча түшүндүрмө берет.

Эскерте кетсек, жума күнү көчөнүн жолун кеңейтүү максатында Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюу иштери аткарылган.

Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, айрым маалыматтар боюнча милиция он адамды кармап кеткен.  Алар эскертүү берилгенден кийин кое берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0