Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Санарип менен камсыздалбаган айылдарда аналогдук теле өчүрүлбөйт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАлып баруучу. Архив
Алып баруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча 326 айыл радио байланыш жетпеген зоналарда жайгашкан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Радио байланыш жетпеген аймактагы 45 айылга 18 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Продажа плазменных телевизоров - Sputnik Кыргызстан
Санариптик берүүгө кантип туташам? СТБ тууралуу бардык суроого жооп
"Буга чейин аталган 45 айылдын санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон. Кыргызстан боюнча 326 айыл радио байланыш жетпеген зоналарда жайгашкан. Алардын жашоочуларын 2017-жылдын 30-июлуна чейин санариптик телеберүү менен камсыздоо пландалууда. Ага чейин бул жерлерде аналогдук берүү өчүрүлбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда 227 айылды камсыздай турган 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор коюлган. Чүй облусуна – 1, Ысык-Көл – 4, Нарын — 4, Ош – 7, Жалал-Абад – 1 жана Баткен облусуна – бирөө орнотулган.

"Жашаган калкы 100 кожолуктан ашпаган калган 99 айыл жеке спутник кабыл алуучу антенналар аркылуу санариптик телерадиоберүүгө кошула алат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдын 15-майынын баштап өлкө санариптик телерадиоберүүгө өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0