Министрлик олимпиадага барчу окуучуларга 1,5 млн. сомго авиабилет сатып алат

Жазылуу
2-июнда жарыяланган тендердин мөөнөтү 9-июнда аяктайт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды эл аралык олимпиадага жиберүүгө авиабилет сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Вид на туристический отель в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Алайда 20 жылдыктар мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга жолдомо белек кылды
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Бишкек — Бангкок — Бишкек каттамы боюнча алты билет алынат. Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкектен учуп кетүү 5-июлга жана кайра өлкөгө кайтып келүү 15-июлга пландалып жатат.

Ошондой эле Бишкек — Жакарта — Бишкек каттамы боюнча дагы жети билет алынат. Окуучулар мугалимдери менен кошо болжол боюнча 15-июлда учуп кетип, 24 июлда кайтып келишет.

Министрлик авиабилеттерди сатып алуу үчүн 1 миллион 476 миң 600 сом сарптоого даяр.

Тендер 2-июнда жарыяланып, мөөнөтү 9-июнда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0