Садыр Жапаровдун ушу кезге чейин абакта кармалуусунун себеби айтылды

© Фото / пресс-служба ГСИН КРАрестованный политик Садыр Жапаров
Арестованный политик Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутатка карата чогулган материалдар сотко жиберилген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши 6-июнда саат 14:00дө Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда караларын Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Мен Садыр Жапаров менен байланышып жатам, жагдайы жакшы, орозо кармап жатат. Учурда сотко даярданып жатабыз. Материал менен таанышып чыктык, ал эч кандай күнөөм жок деп билдирди. Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев дагы Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, мындан кийин деле жазбай турганын айтты", — деди ал.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровго карата чогултулган материалдар сотко жиберилгенин билдирип, учурда ал №1 убактылуу кармоо жайында соттолуучу катары кармалып турганын маалымдады.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду
Эске салсак, 2017-жылы 25-мартта УКМК Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган. Экс-депутат Кылмыш жаза кодексинин 30, 227, 341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча күнөөлөнүүдө.

Буга чейин Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөөнүн аягына чейин камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы каралган. Биринчи Май сотунун чечими менен аны №1 СИЗОго эки айга камакка алышкан

Ал жактан Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилип, 2-апрелде ооруканага түшкөн. Ал эми 13-апрелде №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында жаткан экс-депутат Жапаров кайрадан №1 тергөө абагына которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0