Атамбаев: балдар үчүн жаңы онкологиялык борбор курулат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев бүгүн онкология жана гематология бөлүмүндө. Архив
Алмазбек Атамбаев бүгүн онкология жана гематология бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онкологиялык борбордо бир катар лабораториялар ачылып, нурдандыруучу жабдуулар жана жүлүн алмаштыруу үчүн атайын техникалар коюлары айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда балдар үчүн заманбап онкологиялык борбор курулары тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн онкология жана гематология бөлүмүнө барганда билдирди.

Мындай кабарды өлкө башчысы кичинекей кыргызстандыктарга белек берип жатып айтты.

Улуттук онкологиялык борбордун аталган бөлүмүнүн илимий жетекчиси Эмил Макимбетовдун айтымында, кувейттик инвесторлордун каражатына курулганы жаткан борбор регион боюнча эң заманбап оорукана болмокчу.

"План боюнча курулуш иштери июнь айында башталып, күзүндө бүтүп калат. 100 бейтапка ылайыкталган бул борбор бардык үмүттөрүбүздү актап, көптөгөн балдардын өмүрүн сактап калууга өбөлгө болот деп ишенип жатабыз", — деди дарыгер.

Ошондой эле бир катар лабораториялар ачылып, нурдандыруучу жабдуулар жана жүлүн алмаштыруу үчүн атайын техникалар коюлары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0