Чет элдик кайырчылар Кыргызстандын аймагынан чыгарылат

Жазылуу
Бишкек милициясы шаар көчөлөрүнөн кайыр сураган 33 чет элдик жаранды кармаган. Алардын баары сот жообуна тартылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынан кайыр сурап жүргөн 33 чет элдик жаран чыгарыла турганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Прибытие поезда Ташкент-Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...
Аларды борбор калаанын көчөлөрүнөн кайыр сурап жүргөн жеринен укук коргоо кызматкерлери кармаган. Сүрөткө тартып, манжа издери алынгандан кийин материалдар сот органдарына жиберилген.

Райондук соттор чет элдик кайырчыларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча өкүм чыгарышкан.

Милиция аталган багытта иш уланарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0