Июнга карата газдын баасы аныкталды

© AFP / BARBARA SAX Газ. Архив
Газ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-июнга карата доллардын баасы 68,06 сомдун чегинде бекитилген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Июнда көгүлтүр оттун баасы апрель айына салыштырмалуу 9-10 тыйынга арзандаганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арабдар Кыргызстандын суусун сатып алууга ниеттенип жатат
Маалыматка ылайык, бул айда калк үчүн газдын бир куб метри 14,28 сом болсо, өнөр жай, коммерциялык ишкана жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,52 сомго бааланууда.

Демек, эл үчүн көгүлтүр от 9, ал эми ишканалар үчүн 10 тыйынга арзандады.

Талапка ылайык, көгүлтүр оттун наркы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын башында аныкталган доллардын курсуна жараша белгиленет.

1-июнга карата доллардын баасы 68,06 сомдун чегинде бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0