Жол ортосуна чыгып алып мушташкан айдоочулар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар коомдук тартипти бузгандыктан ар бири 1500 сомдон айып пул төлөмөй болду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкекте жол ортосуна чыгып алып мушташкан айдоочулар кармалганын Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты. 

Работа сотрудников патрульной милиции в КР - Sputnik Кыргызстан
ЦУМдагы унаа токтотуучу жайдын тескөөчүсүн коркуткан айдоочу кармалды
Кечээ, 30-майда Шабдан баатыр менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаа батышты карай бара жатып жолдун каршы тилкесине чыгып алган. Анда Toyota жеңил унаасы өз тилкесинде келе жатып маңдай-тескей туруп калышкан. Жыйынтыгында ал жерде жол тыгыны пайда болгон. Каршы тилкеге чыгып алган айдоочу мушташканга чейин барган

"27 жаштагы Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен 34 жаштагы Lexus 570 унаасынын айдоочусу кармалды. Алар коомдук тартипти бузгандыктан административдик жоопко тартылып, ар бири 1500 сомдон төлөмөй болушту", — деп айтылат маалыматта. 

Эки айдоочуга эскертүү берилип, үйлөрүнө кое берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0