Жаңы паспорт шайлоодон тышкары дагы эмнеге жарайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовМамлекеттик каттоо кызматынын KGZ eID NFC Reader тиркемеси
Мамлекеттик каттоо кызматынын KGZ eID NFC Reader тиркемеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биометрикалык паспорт менен кандай кызматтарды алууга болорун Мамлекеттик каттоо кызматы түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт бир гана шайлоого катышуу үчүн керек деген түшүнүк тайкы экенин билдирди.

Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын биометрикалык паспортун Россия менен Казакстан тааныды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов жаңы паспортту бир гана шайлоодо колдонууга болорун айткан. Ал ошондой эле бардык маалыматтар чипте камтылгандыктан КР жарандары биометрикалык паспорт менен финансы мекемелеринен насыя алып, укук коргоо органдарына кайрыла албай турганын кошумчалап, банктарда атайын жабдуулар жок экенин айткан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, 2-майдан тарта 10 миңден ашык КР жараны 2017-жылы чыккан жаңы үлгүдөгү паспортту алып, дагы 50 миңдей киши документтерин тапшырган.

Ошондой эле паспорттогу улуту деген графа чипте жазылганын айтып, каалаган ар бир жаран улутун анкетада жана чипте көрсөтө алат.

"Улуту деген графа документтен таптакыр алынды деген туура эмес, башкача айтканда ал электрондук форматка өткөрүлдү. "Биометрикалык паспорт бир гана шайлоо үчүн керек" деген тар түшүнүк туура эмес. Жарандар тууралуу маалыматты электрондук форматта — чипте сактоо паспортту колдонууда ыңгайлуулукту камсыз кылат", — деп мекемеден билдиришти.

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар интернет аркылуу пайдаланчу 6 кызмат
Эми жашаган жерин, же үй-бүлөлүк абалы алмашкан учурда эски ID-карта сыяктуу жаңы паспортторду алмаштыруунун кажети жок. Биометрикалык паспортту алууда талап кылынган документтердин саны кыскартылган. Эгер документтер (жарандык актыны каттоо документи (ЗАГС), дарек-сурап билүү бюросунан справка) электрондук вариантта болсо жаңы паспорт алууда эч кандай кошумча документ талап кылынбайт.

Андан сырткары паспортту даярдоо убактысы эки эсеге кыскарган. Ал бир нече элементтер менен корголгон. Келечекте биометрикалык паспортту айдоочулук күбөлүк, банк жана пенсиялык карта катары колдонууга болот.

Чиптеги ачык маалыматтарды окуу үчүн KGZ eID NFC Reader уюлдук тиркемеси иштелип чыккан. Аны Google Play Market баракчасынан көчүрүп алууга мүмкүн. Чипте жазылган ачык маалыматтарды окуу үчүн NFC кызматы бар уюлдук телефон же планшет керек.

Биометрикалык паспортту кантип алуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0