Аткаминерлердин кыргыз тилин канчалык билери текшерилет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР
Рабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилин билүү талабы мамлекеттик саясий кызматтарда иштегендерге, мамлекеттик атайын кызматта отургандарга жана административдик ар кандай кызматтагы адистерге коюлат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Өкмөттүн "Милдетин так аткаруу үчүн тийиштүү деңгээлде кыргыз тилин билиши керек болгон мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Калемгерлер арасында сынак жарыяланды
Бул норманы ишке ашыруу үчүн өкмөт 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана КРде тил саясатын жакшыртуу улуттук программасынын алкагындагы иш-чаралардын планын бекитти.

Долбоордо мамлекеттик органдардын жетекчилерине кыргыз тилин мамкызматкерлерге үйрөтүүдө жардам берүү каралган.

Кызматтык милдетин аткаруу үчүн адамдын тил билүү деңгээлин аныктоону 2018-жылдын 1-январынан баштоо сунушталып жатат.

Кыргыз тилин билүү талабы мамлекеттик саясий кызматтарда иштегендерге, мамлекеттик атайын кызматта отургандарга жана административдик ар кандай кызматтагы адистерге коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0