Бишкектин эки көчөсү бир айга жакын жабылат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынын акырына чейин көчөлөргө жылуулук системасы орнотулат.

БИШКЕК, 30 май — Sputnik. Бишкектеги Скрябин менен Тыныстанов көчөлөрүнүн бир бөлүгү 27-июнга чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашкандай, 29-майдан тарта Скрябин көчөсү Тыныстановдон Байтик баатырга чейин жана Тыныстанов көчөсү Медеровдон Скрябинге чейин жабылган.

Мындай чектөөлөр жылуулук системасынын орнотулушуна байланыштуу болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0