Көчкү алдында калып каза болгон жолчуларга "Ардактуу жолчу" төш белгиси ыйгарылды

Жазылуу
Министр Калилов көзү өткөн төрт кызматкерге "Ардактуу жолчу" төш белгисин ыйгарып, жакындарына 350 миң сомдон акчалай жардам берилди.

БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Март айында Ош — Бишкек автоунаа жолунда көчкү алдында калып каза болгон жолчуларга көзү өткөндөн кийин "Ардактуу жолчу" төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам - Sputnik Кыргызстан
Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам
Билдирүүгө ылайык, 28-майда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жазында кызмат учурунда каза болгон жолчулардын жакындары менен жолугушту. Анда Калилов көзү өткөн төрт кызматкердин жакындарына "Ардактуу жолчу" төш белгисин берип, 350 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Кошумчалай кетсек, жолчулар 27-мартта Ош — Бишкек автоунаа жолунда көчкү алдында калып каза табышкан. Набыт болгондор министрликтин Жол-тейлөө кызматында эмгектенип келишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0