Бишкекте кулайын деп калган бак кыйылды

Жазылуу
Шаар тургуну Эркиндик бульварынын Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө бак ийилип кулайын деп калганын билдирген болчу.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Эркиндик бульварындагы кооптуулук туудурган бак кыйылды. Бул тууралуу "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын Эркиндик бульварындагы кооптуулук туудурган бак кыйылды
Срубленное опасное дерево на проспекте Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын Эркиндик бульварындагы кооптуулук туудурган бак кыйылды

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен шаардын тургундары Эркиндик бульварынын Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө кооптуулук туудурган бак бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдиришкен. 

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0