Ысык-Көлдүн айланасынан ыктыярчылар 4 миң капка чукул таштанды чыгарды

© Фото / Владислав УшаковЫсык-көлдүн жээги. Архив
Ысык-көлдүн жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиликте 1,5 миңден ашуун ыктыярчы Ысык-Көлдүн 25 айылын таштандыдан арылткан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "Таза Ысык-Көл" акциясынын катышуучулары 3 800 кап таштанды чогултушту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, ишембиликке бир жарым миңден ашуун ыктыярчы катышып, Көлдүн 25 айылын таштандыдан арылткан.

"Бул жылы акцияга казакстандык ыктыярчылар дагы кошулду. Алар менин Facebook баракчама жазып өз ыктыяры менен келип жардам берерин айтышты. Тазалоо иштери эки күн өткөрүлдү. Мындан ары да маал-маалы менен ишембилик өткөрүп турууну чечтик", — деди Чыныбаева.

Ала-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каракол КМШ ичинде жайкы эс алууга ыңгайлуу болгон беш шаардын ичине кирди
Мындан сырткары, акциянын уюштуруучулары көлдүн түбүн тазалоо боюнча дагы жаңы акция жарыялашты. Бул үчүн КМШ жана жакынкы өлкөлөрдөгү кесипкөй дайверлерди кызматташууга чакырууда. Алардын чыгымын уюштуруучулар өз мойнуна алат.

Ал эми бул ишембиликти июндун аягына чейин өткөрүп туруу пландалууда. Ыктыярчылар ушул эле акция Бишкектин дагы эс алуучу жайларында да уланарын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0