Патриарх Кирилл Кыргыз-орус славян университетинин ардактуу доктору болду

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМоскванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин архивдик сүрөтү
Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимди окуу жайдын окумуштуулар кеңеши кабыл алган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл Кыргыз-орус славян университетинин ардактуу доктору болду. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан кабарлашты.

Первый официальный визит главы Русской православной церкви Патриарха Московского и всея Руси Кирилла в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
КР муфтийи патриарх Кирилл менен экстремизм, терроризм маселесин талкуулады
Билдирүүгө ылайык, мындай чечимди окуу жайдын окумуштуулар кеңеши кабыл алган.

Патриархка докторлук наам Кыргызстан менен Россия элинин достук мамилесин жана тынчтыгын бекемдөөгө кошкон зор салымы, калк арасында руханий жана жүрүм-турумдук принциптерди өнүктүрүүсү үчүн берилди.

Ошондой эле анын Кыргыз-орус славян университетин ар тараптан колдогондугу да эске алынган.

Андан сырткары, иш-чара маалында патриарх Кириллдин кыргыз тилиндеги "Эркиндик жана жоопкерчилик: гармонияны издөө" китебинин бет ачары болуп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0