Атамбаев баласын эмне үчүн армияга жибергенин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПризывники Национальной гвардии КР
Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы аскерий реформанын алкагында армиянын кадыр-баркы көтөрүлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада уулун армияга эмне себептен жибергенин баяндап берди.

Анын айтымында, аскерий реформанын алкагында армиянын бедели көтөрүлдү. Ошондой эле армияда кызмат өтөөнү каалагандардын саны көбөйүп, аскерлердин 30 пайызга жакыны жогорку билимдүү экенин айтып өттү.

"Армиянын абалын билүү үчүн өзүмдүн баламды аскерге жибердим. Ал аркылуу андагы кырдаалды толук биле алдым", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын армиясына карата эл аралык өнөктөштөр тарабынан жакшы пикирлер айтылып жатканын белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0