Мэрия шаардагы жарнама такталары менен мыйзамсыз орнотулган контейнерлерди алды

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаДемонтаж незаконно установленного контейнера в Бишкеке
Демонтаж незаконно установленного контейнера в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет уруксат берүүчү документтери жок объектилерди алып салганы аныкталды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкекте жарнамалык 44 такта жана мыйзамсыз орнотулган эки контейнер алып салынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Контейнер ээлерине күн мурунтан эскертүү берилгени менен алар эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес. Муну менен бирге Фрунзе көчөсүндөгү уруксаты жок салынган 100 метрлик бетон тосмо да алып салынды" — деп билдиришти мэриядан.

Адатта жарнамалык такталар калаанын көрүнүшүн бузганы үчүн алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0