Ошто кулаган каруселден үч баласы менен жабыркаган аял өзүнө келди

Жазылуу
Эс алуу багындагы карусель кулап баш сөөгүнөн жаракат алган аял оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ош шаарында кулаган каруселден жаракат алып оор абалда жандандыруу бөлүмүмүнө жеткирилген аял өзүнө келип жалпы палатага которулду. Бул туурасында Ош шаардык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун орун басары Кылычбек Мамашарипов аймактык кабарчыга билдирди.

Окуя болгон күнү ал аялдын жанында үч баласы болгон. Кырсыктан балдары да жаракат алып, дарыгерлерден амбулатордук жардам алган соң үйлөрүнө жиберилген.

"Баш сөөгү жабыркап оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 37 жаштагы аял өзүнө келип, абалы жакшырып калды. Аны жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага котордук. Буюрса жакынкы күндөрү ооруканадан чыгат. Баш мээси жана омуртка сөөгүнөн жабыркаган эки бейтаптын да абалы жакшы", — деди дарыгер.

Эске сала кетсек, 14-май күнү кечки саат 17:30дар чамасында Ош шаарындагы Алишер Навои эс алуу жайында карусель кулап 11 адам жабыр тарткан. Алардын ичинен беш адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө жиберилген. Ал эми үч баланы Ош облустук балдар ооруканасына жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0