Жээнбеков: орозо айы адамдарды ниетин тазартууга чакырат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПраздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека
Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы өз куттуктоосунда өлкөгө тынчтык, ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык каалап өткөн.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды ыйык орозо айы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы орозо айы адамдарды кайрымдуу болууга, ар бир момун мусулман ниет, пейилин тазартууга чакырарын белгиледи.

"Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук каалап, ниет кылган тилектериңиздер орундалышын Кудайдан тилейм. Кыргызстаныбызда тынчтык, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана жакшылыктар көп болсун", — деп жазылат куттуктоодо.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0