"Акыркы коңгуроо" салтанаты Нарындын 141 мектебинде өттү

© Фото / Айнура Дуйшок кызы"Последний звонок" в школе №141 в Нарынской области
Последний звонок в школе №141 в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус боюнча быйыл 11-классты 3 464 окуучу аяктаган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Нарын облусундагы 141 мектепте "Акыркы коңгуроо" салтанаты өткөнүн облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектептеги иш-чарага катышып, окуунун алдыңкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды.

© Фото / Айнура Дуйшок кызыНарын облусундагы 141 мектепте "Акыркы коңгуроо" салтанаты өттү
Нарын облусундагы 141 мектепте Акыркы коңгуроо салтанаты өттү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нарын облусундагы 141 мектепте "Акыркы коңгуроо" салтанаты өттү
© Фото / Айнура Дуйшок кызыӨкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектептеги иш-чарага катышып, окуунун алдыңкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектептеги иш-чарага катышып, окуунун алдыңкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектептеги иш-чарага катышып, окуунун алдыңкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды.
© Фото / Айнура Дуйшок кызыКайыпов ошондой эле "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калып жатканын кошумчалады.
Кайыпов ошондой эле Алтын тамга артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калып жатканын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кайыпов ошондой эле "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калып жатканын кошумчалады.
1/3
Нарын облусундагы 141 мектепте "Акыркы коңгуроо" салтанаты өттү
2/3
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектептеги иш-чарага катышып, окуунун алдыңкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды.
3/3
Кайыпов ошондой эле "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калып жатканын кошумчалады.

"Мектеп — бул билим уясы. Адам келечегинин пайдубалынын түптөлүшүнө бирден бир себепчи. Андыктан, мектептерде билим сапатын көтөрүү зарыл болуп турат. Акыркы жылдары Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖТР) катышкан бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 110 баллдан жогору алгандардын пайызы өсүүдө. Мисалы, 2014-жылда 30,7 пайызды түзсө, 2016-жылы 54,4 пайызга жеткен", — деди ал.

Алып баруучу Назира Айтбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ак көйнөк, кызыл жагоо... Белгилүүлөрдүн акыркы коңгуроодогу сүрөттөрү
Кайыпов ошондой эле "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калып жатканын кошумчалады. Өткөн окуу жылы облус боюнча "Алтын тамгага" тапшырган 95 окуучунун 9у өтсө, быйыл билимин сыноо үчүн катышкан 102 окуучунун 11и гана ийгилик жарата алган.

Учурда облус аймагындагы 141 мектепте 57 миң 112 окуучу билим алып, аларга 5847 мугалим таалим-тарбия берет.

Ал эми 11-классты быйыл 3 464 окуучу аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0