Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Жазылуу
Чек араны жабуу демилгеси кытай тарапка таандык.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кытайда өтө турган "Күрүч майрамына" байланыштуу кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү жайлары төрт күнгө жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көзөмөл пункттары кытай тараптын демилгеси менен 27-майдан 30-майга чейин жабык болот.

Аталган жайларда адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү 31-май күнү жанданмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0