БИШКЕК, 25-май — Sputnik. КР президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков 78 жашында каза болду. Маалыматты президенттин аппаратынан тастыкташты.
Билдирмеге ылайык, Жумакадыр Исаков 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында төрөлгөн. Кийин Жалал-Абад, Ош облустарында партиялык кызматтарда иштеген.