Кыргызстанга Израилден майып туристтер тобу келет

Жазылуу
Кыргызстанга Израилден келе жаткан туристтер майыптык толук кандуу жашоого тоскоолдук боло албаарын далилдөөнү каалашат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Июнь айынын акыркы жумасында Кыргызстанга Израиль мамлекетинен мүмкүнчүлүгү чектелген туристтер тобу келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Израилде иш алып барган "Kyrgyz Trips" туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Алекс Супинский билдирди.

"Кыргызстанга ар кандай топтогу майыптардан турган туристтер тобу барат. Алар учурда Кыргызстан тууралуу маалымат алып даярданып жатышат. Кыргызстандын бардык региондорун биздин туристтерге тогуз күндүн ичинде көрсөтүп чыгабыз деген пландар бар", — деди Супинский.

Маалыматка караганда, келе жаткан туристтер мурдагы аскер кызматкерлери.

Алар жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы жерлерин кыдырып, майыптык адамдын жаңы эл, жаңы жер менен таанышып, толук кандуу жашоосуна тоскоолдук боло албаарын далилдөөнү максат кылышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0