Жарандар өзүнүн шайлоо участогун 119 номерине SMS жөнөтүп билсе болот

Жазылуу
Мындай аракеттер май айында боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана күздө өтчү президенттик шайлоого даярдык катары көрүлүүдө.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Шайлоочулар 119 номерине кат жөнөтүп өзүнүн шайлоо участогун аныктай алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биометрикалык паспортту кантип алууга болот?
Билдирүүгө ылайык, 18 жаштан жогору жарандар уюлдук телефону менен 119 кыска номерине өзүнүн паспортунун ПИН кодун жиберип, кайсы шайлоо участогунун тизмесинде экендигин аныктай алат. Эгер кат түрүндө келген жооп туура эмес болсо, анда ушул эле кыска номер аркылуу чалуу аткарууга болот.

Аталган кызмат акысыз көрсөтүлүп, 24-майда ишке кирди. Мындай аракеттер май айында боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана күздө өтчү президенттик шайлоого даярдык катары көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0