Турсунбеков Азербайжандын депутаттарын президенттик шайлоого байкоочу болууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрөгасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан Азербайжан менен болгон кызматташууну кеӊейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан улуттук межлисинин төрагасы Октай Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Октай Асадов кара деӊиз экономикалык кызматташтык уюмунун Стамбул шаарында уюштурулган саммитине катышуу үчүн барган.

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Ажолукка аттанчулар, оппозиция жана бийликтеги тең салмактуулук. ЖК төрагасы менен маек
Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы алакалардын азыркы абалы талкууга алынып, Турсунбеков Кыргызстан Азербайжан менен ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.

Ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарды күчтөндүрүү керектигин да белгилеп, Азербайжан парламентинин депутаттарын Кыргызстанда боло турчу маанилүү саясий окуяга эл аралык байкоочу катары катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Октай Асадов парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу менен эки мамлекеттин мамилесин чыңдоого болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0