Чек арада жайгашкан айылдарга өзгөчө статус берүү демилгеленип жатат

© Фото / пресс-служба полпредства Баткенской областиПриграничное село в Баткенской области
Приграничное село в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык-экономикалык абалы начар жана жайгашкан шарты катаал болуп, анда жашаган улуттардын өз ара ынтымагы маселе жаратса гана аларга өзгөчө статус берилиши ыктымал.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары чек ара аймактарында орун алган айрым айылдарга өзгөчө статус берүүнү демилгелешти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгамбердиева айылдарга өзгөчө статус берүүдөн мурда негизги критерийлерди эске алуу керектигин баса белгиледи.

"Социалдык-экономикалык абалы начар жана жайгашкан шарты катаал болуп, анда жашаган улуттардын өз ара ынтымагы маселе жаратса гана аларга өзгөчө статус берилиши керек", — деди Эгамбердиева.

Белгилей кетсек, 2011-жылы түзүлгөн тизмеге 59 айыл, 10 участок киргизилип, алардын өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 1 миллиард сом, жергиликтүү бюджеттен 350 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Ушул тапта дагы 56 айыл аталган тизмеге кирүү өтүнүчүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0