Чүй, Талас облустары менен Бишкектин айрым жеринде жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота филиала ОАО "МРСК Сибири" - "Омскэнерго"
Работа филиала ОАО МРСК Сибири - Омскэнерго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу эки облустун 20дан ашык айылында жана борбор калаанын төрт конушунда электр энергиясы жок болот.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй, Талас облустарынын айрым жеринде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Автомобильная трасса Бишкек — Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Боом капчыгайында таш кулатылып, жол жабылат
Маалыматка ылайык, 24-майда Чүй облусунун Көк-Жар, Ленин, Мыкан, Дачный, Садовый, Биримдик-Кут, Күнтуу, Вознесеновка, Кум-Арык, Букара, Тельман, Эркин-Сай, Военно-Антоновка, Фрунзе, Жаңы-Пахта, Заря, Сокулук, Новониколаевка, Алексеевка айылдары менен Кара-Балта шаарынын айрым жеринде жарык өчүрүлөт. Ошондой эле Талас облусунун Покровка, Жайылган, Кең-Арал айылдарында дагы электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Андан сырткары, 09.00дөн 18.00гө чейин Бишкек шаарынын Эне-Сай, Кара-Жыгыч, Ак-Өргө, Киргизия-1 жаңы конуштарында жана бир катар көчөлөрүндөгү үйлөргө электр энергиясы берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0