Боом капчыгайында таш кулатылып, жол жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильная трасса Бишкек — Иссык-Куль
Автомобильная трасса Бишкек — Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таш кулатуу иштери күндүз гана жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Таш кулатууга байланыштуу Боом капчыгайындагы унаа жолу жабылып турарын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кыймылына Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 118, 119, 122 жана 130-чакырымдарында чектөө коюлмакчы.

30-40ка чукул машиналардын чогулушу менен таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар кое берилет. Аталган аракеттер күндүз гана жүргүзүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0