Шаардык бийлик мыйзамсыз объектилерди алып салууда

© пресс-служба мэрии города БишкекМыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү. Архив
Мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумабек көчөсүндөгү эки соода күркөсү, бир ашкана, эки тандыр жана 21 жарнама тактасы муниципалдык жерден алынды.

БИШКЕК, 22-май. — Sputnik. Бишкек шаарынын миниципалдык жерлеринде мыйзамсыз жайгашкан 28 объект алынып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкектеги мурдагы Нарын ресторанынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мурдагы "Нарын" рестораны түрттүрүлүшү мүмкүн
Маалыматка ылайык, шардык мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тиешелүү уруксат кагаздары жок өз ишмердүлүгүн жүргүзүп келген соода түйүндөрүн алып салды.

Анда Жумабек көчөсүнүн Ибраимов, Осмонкул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнөн эки соода күркөсү, бир ашкана, эки тандыр жана 21 жарнама тактасы муниципалдык жерден алынды.

Аталган курулуштардын ээлерине буга чейин мэрия тарабынан эскертүүлөр берилип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0