БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ош жана Баткен облусунун мугалимдери табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча семинарга катышышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, семинар жарандык коргонуу адистерин даярдоо борборунун окутуучу курамы тарабынан өткөрүлгөн.
"Мугалимдер өзгөчө кырдаалдардан сактануу жолдору, жүрүм-турум эрежелери боюнча кеңири билим алышты", — деп жазылат маалыматта.
Окууга жалпысынан 24 мугалим катышкан.