Эртең карызы бар 2,5 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Жазылуу
Электр энергиясы өчүрүлгөндөн кийин көп кардар карызын дароо төлөй турганын тажрыйба көрсөткөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. "Түндүкэлектр" ААКы 23-майда электр энергиясы үчүн карызы үчүн 2,5 миң кардардын жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу энергокомпаниянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын тургундары электр энергиясы үчүн 47 миллион сом карыз.

"Жарыгы өчүрүлгөндөн кийин көпчүлүк кардарлар карызын жарым сааттын ичинде келип төлөп кетишет. "Акылдуу эсептегич" коюлгандардын жарыгы өчүрүлөт", — деп маалымат кызматы баса белгиледи.

Жарыкка болгон төлөмдү "Мобильник", QIWI терминалдары жана "Айыл банктын" кассасына барып төлөсө да болорун энергокомпания кардарлардын эсине салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0