Атамбаев улуттар ортосундагы мамиленин абалынан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Токон Мамытов Ассамблеянын ишмердиги, өлкөдөгү этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтөт
Жолугушууда Мамытов этностор аралык мамилелерди андан ары өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурасын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде президент өлкөдө этностор аралык ынтымакты сактап, аны өнүктүрүүдө Кыргызстан элинин Ассамблеясына өзгөчө роль таандык экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0