Бишкектин тургундары айдоочуларды тартипке чакырган флешмоб баштады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүИзучение школьниками в Калининграде правил дорожного движения
Изучение школьниками в Калининграде правил дорожного движения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар өздөрүнүн Facebook баракчасына айдоочуларга жолдо жүрүү эрежелерин сактоону өтүнгөн сүрөттөрдү жарыялашууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Facebook социалдык тармагында кыргызстандык колдонуучулар айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган флешмоб башташты. Жарыяланган сүрөттөрдө балдар айдоочуларга түрдүү жолдор менен кайрылууларын жолдошкон.

Бишкек шаарынын активисттери 28-майда жол кырсыгынан каза болгондорду эскерген акция өткөрөрүн маалымдашты. Уюштуруучулардын айтымында, жыл башынан бери борбор калаада бир жарым миңден ашык жол кырсыгы катталып, анда 376 бала түрдүү жаракаттарды алса, 11 бала каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0