01:02 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Президент креслосу. Архивдик сүрөт

Президентикке талапкер болчулардын ата-энеси, жубайы жана балдары жөнүндө...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (137)
842541

Президенттик шайлоо жакындаган сайын эл арасында келерки президенттин ким болору тууралуу талкуу күч алып баратат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттикке талапкерлиги сунуштала турган саясатчылардын жашоосундагы эң жакын адамдары ким жана алар эмне иш менен алек болорун иликтеп көрүүнү чечти. 

Темир Сариев

Ата-энеси: атасы — Аргембай Сариев Чүй облусунун Сокулук районунда колхоздо бригадир, башкарма болуп эмгектенип, кийин партиялык кызматтарда иштеген. Апасы өмүр бою колхоздун жумушун аркалаган.

Жубайы: Айжан Сариева — кесиби боюнча англис тили мугалими. Бир топ жыл бою Бишкектеги мектептерде сабак берген. Учурда үй кожойкеси.

Балдары: Темир Сариев бир уул менен бир кыздын атасы. Кызы Айгерим Борбор Азиядагы Америка университетин (АУЦА) аяктаган. Учурда өзүнүн чакан бизнеси бар. Уулу Бекболот 14 жашта, мектеп окуучусу. Математика сабагынан мыкты окуйт, футболго кызыгат. 

Бакыт Төрөбаев

Ата-энеси: атасы — Эргеш Төрөбаев, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, "Ошэлектр" ишканасынын мурунку башкы директору. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, "Энергетиканын отличниги", 3-даражадагы "Манас" ордени сыяктуу сыйлыктар менен сыйланган. Апасы Бакыт Төрөбаев 11 жашында көпкө созулган оорудан кийин ооруканада каза болгон.

Жубайы: Төрөбаев жубайы Асел менен 1997-жылы баш кошкон. Азыр экөө беш баланын ата-энеси. Асел Төрөбаева дагы бизнеске аралашып, ун өндүрүү менен алектенген компаниялардын бирин жетектейт.

Балдары: төрт уул, бир кызы бар. Балдарынын улуусу быйыл орто мектепти аяктоо алдында турат. Кенжеси — кыз.

Өмүрбек Бабанов

Ата-энеси: атасы — Токтогул Бабанов "Россия" атындагы миллионер-колхоздо 20 жыл башкарма болуп иштеген. СССР Жогорку Кеңешине депутат болгон, бир нече ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайланган. Энеси — түрк кызы, жерлиги — Казакстандын түштүгүнөн.

Жубайы: Рита Бабанова, кыз кезиндеги фамилиясы —Бирбаева. Айрым ЖМКларда жазылгандай, Казакстанда көп жылдар бою акимдик кызматты аркалаган адамдын кызы. Учурда ишкерлик чөйрөсүнө аралашып жүрөт.

Балдары: Бабановдун бир уулу, үч кызы бар. Улуу кызы Айпери — Англия өлкөсүндөгү жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Уулунун аты — Нурэмир. Баласы менен бир кызы мектеп окуучулары. Кенже кызы бир жашта. 

Сооронбай Жээнбеков

Ата-энеси: атасы — Шарип Жээнбеков Ош облусунда өмүр бою жетекчилик кызматтарда эмгектенип, түштүк региондо кадыр-барктуу адам болгону айтылат. Ал эми апасы тууралуу кенен маалымат ЖМКларга ушул убакка чейин чыга элек.

Жубайы: Айгүл Жээнбекова үй кожойкеси. Эл көзүнөн өтө оолак болгондуктан, ал тууралуу көп маалымат жок.

Балдары: Бир кыз, бир уулдун атасы. Кызы бир нече жыл мурда турмушка чыккан. Уулу — мектеп окуучусу. Учурда Бишкектеги орто мектептерди биринде билим алат.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (137)

Тема боюнча

БШК үгүт ишин эмитен баштаган талапкерлерге эскертүү берди
Сариев: президенттик шайлоого күрөөнүн көлөмүн көтөрүү туура эмес
Белгилер:
үй-бүлө, ата-эне, талапкер, бала, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев

ЭҢ МААНИЛҮҮ