Өспүрүмдөр үчүн ишеним телефонуна 1,5 жылда миңден ашуун адам кайрылган

© Sputnik / Табылды КадырбековВлияние социальных сетей на детей в Кыргызстане
Влияние социальных сетей на детей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар өз көйгөйлөрү туурасында чалып, адистерден кеп-кеңеш ала алышат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанда 2015-жылдан бери өспүрүмдөр үчүн ишеним телефону иштеп келе жатат.

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
Бир жарым жылда 111 номерине 1,5 миңден ашуун чакыруу түшкөн. Чалгандардын басымдуу бөлүгү өзүнүн жана бирөөнүн балдарына сарсанаа болгон улуу адамдар экени аныкталды.

ЮНИСЕФтин иликтөөлөрүнүн жайынтыгында Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 70,3 пайызы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болот. Алардын басымдуу бөлүгү психологиялык жактан жабыр тарткандар

"Балдардын өздөрү арызданган учурлар чанда гана кездешет. Бул боюнча 370 чалуу кабыл алынган", — деди Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бала жана үй-бүлөнү коргоо башкармалыгынын жетекчиси Марина Жапаркулова.

Бобордун психологунун айтымында, кайрылгандардын аты-жөнү жашыруун сакталат. Андыктан өспүрүмдөр кандайдыр бир көйгөйлөрү туурасында айта берсе болот. Ишеним телефону күнү-түнү иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0