Ошто акыркы коңгуроо күнү миңдей кызматкер тартипти көзөмөлгө алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Концерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Ош облусу боюнча 11785 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ош облусунда 25-май, акыркы коңгуроо күнү миңдей милиция кызматкери тартипти көзөмөлгө алаарын Ош ОИИБдин Кайгуул милиция техникалык көзөмөл бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Алтынбек Туркбаев билдирди.

Анын айтымында, облустагы 524 орто мектептин ар бирине милиция кызматкерлери бөлүнгөн.

"Буга чейин окуучулар айдоочулук күбөлүгү жок туруп же спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган учурлар кездешкен. Ошондуктан алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Жыл башынан бери эле өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 44 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен эки бала каза тапты", — деди Туркбаев.

Ал окуучулардын ата-энелери менен дагы жыйналыштар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле быйыл мектепти 11785 бүтүрүүчү аяктап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0