05:30 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Жаш режиссер Батыркан Ильясовдун Кошуналар аттуу кыска метраждуу анимациялык тасмасынан кадр

Караколдук окуучу Канадада өтө турган эл аралык кинофестивалга катышмай болду

© Фото / Батыркан Ильясов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
107 0 0

Батыркан Ильясовдун кыска метраждуу тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалга жолдомо алды.

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Караколдук окуучу баланын кыска метраждуу тасмасы эл аралык кинофестивалдын катышуучусу болду. Бул тууралуу "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык кинофестивалынын арт-жетекчиси Ника Жолдошева билдирди.

Автор короткометражного анимационного фильма Соседи восьмиклассник Батыркан Ильясов
© Фото / предоставлено Батырканом Ильясовым
"Кошуналар" аттуу кыска метраждуу анимациялык тасмасынын автору Батыркан Ильясов

Караколдон чыккан 8-класстын окуучусу, жаш режиссер Батыркан Ильясовдун "Кошуналар" аттуу кыска метраждуу анимациялык тасмасы 21-майда Торонто шаарында өтө турган эл аралык FOCUS балдар кинофестивалынын сынактык программасына катыша турган болду.

Анда 16 жаштан ылдыйкы курактагы балдардын анимациялык тасмалары ат салышат.

Батыркандын анимациялык тасмасында эки кошунанын окуясы баяндалат. Алардын бири эмгекчил болсо, экинчиси арак ичкен жалкоо адам болот. Бул тасма орус жазуучусу Иван Крыловдун "Ийнелик менен кумурска" тамсилине негизделген.

Жаш режиссердун аталган эмгеги улуттук "Карек" балдар кинофестивалында "Мыкты анимация" категориясында баш байгени жеңген.

Ушул эле тасма 2016-жылдын жаз айында Бишкекте өткөн "I Love English" видеороликтер сынагында да алдыңкы орунду багындырган.

Батыркан анимация менен үч жылдан бери алектенет.

Тема боюнча

Кыргызстанда үй-бүлөлүк жаңы комедия тартылды
Чоор, сыбызгы жана фортепианону куюлуштурган 11 жаштагы Элдар
Белгилер:
окуучу, тасма, фестиваль, Канада
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ