Жалал-Абад: өлүмүнө досу себепкер болгон жоокердин артында үч баласы калды

Жазылуу
Маркумдун туугандары кырсыкка себепкер жоокерди жакшы билгендиктен ага карата эч кандай доосу жок экенин айтышты.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскер күчтөрүнүн маалымат кызматы Жалал-Абад облусундагы аскердин өлүмүнүн чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Буга чейин КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бир аскер экинчисин машина менен коюп кеткенин билдирген. Окуя аскер бөлүгүнүн автопаркында болгон. 

Маалыматка ылайык, келишимдик негизде кызмат өтөгөн катардагы жоокер М.Т. аттуу аскерди Dong Feng үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны туура токтотуп жатканын карап турууну суранган.

Адвокат Болот Баетовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Баетов: милициянын өлүмү боюнча бөлүм башчы соттолду
Унаа токтой турчу жерге келгенде ал педалды коё берип, машина инерция менен алдыга 50-60 сантиметр жылып, жоокерди кысып салган. Ал ооруканада алган жаракатынан улам каза болгон.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, каза болгон жоокер менен рулда отурган аскер достордон болушкан, кырсык болор алдында маркумдун үйүнө барып түштөнүшкөн. Алар эки жылдан бери чогуу кызмат өтөп, Сузак районунан келишкен.

33 жаштагы маркумдун артында аялы менен үч баласы калды. Анын туугандары кырсыкка себепкер жоокерди жакшы билгендиктен ага карата эч кандай доосу жок экенин айтышкан.

Жалал-Абаддын аскер прокуратурасы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0