Бишкекте мышыктардын көргөзмөсү уюштурулат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 20-21-май күндөрү калаадагы соода борборлорунун биринде өтөт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Борбор калаада мышыктардын көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу, кинолог Алла Темирханова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 20-21-май күндөрү калаадагы соода борборлорунун биринде өтөт.

"Көргөзмөдө сейрек кездешкен мышыктардын өнөрлөрү тартууланып, балдар жана чоңдор үчүн көңүл ачуучу концерттер менен коштолот. Иш-чарага Россия, Казакстан жана Өзбекстандан да коноктор келишмекчи", — деди Темирханова.

Кирүү акысы балдарга 100 сом болсо, чоңдорго 150 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0